Баш оона 22, 2025
Убакыт: 15:46
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

9-июнь күнү Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт (тизме)

07.06.2022 13:42
681
9-июнь күнү Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт (тизме)

9-июнда Бишкектин айрым жерлеринде саат 9:00дөн 23:00гө чейин таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.


Бул күнү "Баха" суу өткөргүчүндө оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.


Суу убактылуу берилбей турган көчөлөр:

Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөсүнүн Абдрахмановдон Арча-Бешик конушунун батыш чегине чейинки бөлүгү, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев, Сары-Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү-Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар конуштары, 105-контур жана Селекция айылы.


Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн