Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:28
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

90 депутатка 3 вице-спикер. Жогорку Кеңеш 8 комитеттен турат

12.01.2022 11:10
1207
90 депутатка 3 вице-спикер. Жогорку Кеңеш 8 комитеттен турат

Жогорку Кеңештин  депутаты Султанбай Айжигитов 12-январда парламенттин жыйынында төраганын 3 орун басары жана 8 комитет түзүү комиссия тарабынан  сунушталып жатканын билдирди.


Комитеттердин тизмеси:

- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;


- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;


- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;


- Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;


- Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;


- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;


- Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш боюнча комитет;


- Агрардык саясат, региондорду өнүктүрүү боюнча комитет.


Мындай түзүмдү жалпы комитеттин режиминде 47 депутат колдоп, 1 депутат каршы добуш берди.

Андан кийин көпчүлүк депутаттар 3 вице-спикердин болушуна каршы чыгышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн