Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

90 депутаттын арасында бир да орус улутундагы депутат жок. Надира Нарматова кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырды

12.01.2022 11:55
3482
90 депутаттын арасында бир да орус улутундагы депутат жок. Надира Нарматова кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырды

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова депутаттарды кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырды.


Анын айтымында, мамлекеттик тил кыргыз тили болгондуктан жыйындарда талкуу кыргыз тилинде болушу керек.


"Бизде кыргыз тили мамлекеттик тил. Ошондуктан депутаттарды талкууларды кыргыз тилинде жүргүзүүгө чакырам. Элибиздин көпчүлүгү да кыргыз тилинде түшүнөт.

Арабызда бир дагы орус улутундагы жаран жок",- деди Нарматова.


Буга чейин Адахан Мадумаров кыргыз тили менен орус тилин аралаштырбай сүйлөөгө чакырган.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Бегали Аширов
Туура айтат кыргыз тили Эне тил .
Ира
НАДИРА НАРМАТОВА эн туура айтты.Бала бакчаларды,орус мектептерди кыргыз тилине откоруш керек.Ошондо гана суунун нугу бурулгандай кыргызчага бурулат.
Муктар
Жумурткадан үч бурчтук издегендер аман эле болгула,депутат айым абдан туура айткан,бул сунуш,керек болсо,алардын түздөн-түз милдети...
Эрмамат
Эң жакшы
Максат
Кеч болсо да кыргызча суйлоого чакырууну баардыгыбыз колдоп эле эмес таза суйлогонго конушубуз милдет.