Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

90 миң доллар алып качып кеткен жарандар кармалды

02.03.2021 15:43
789
90 миң доллар алып качып кеткен жарандар кармалды

Алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-мартта билдирди.


2019-жылдын август айында эки адам Ш.М. жана М.Р. Бишкек шаарынын жашоочусуна жалпы ишкердик менен алектенүүнү сунуштаган. Алар дары-дармек жеткирип берүүнү убада кылышкан. Бул үчүн 90 миң доллар алган эркектер убадасын аткарбай, качып кетишкен.


Алданган ишкер шериги 2020-жылдын декабрь айында милицияга кайрылып, бул факты ERPPде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүштү. Ошентип, 1980-жылы туулган Ш.Н Бишкек шаарында, ал эми 1984-жылы туулган М.Р., Жалал-Абад облусунда кармалган. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн