Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйында 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору 2-3-окууда добушка коюлду.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн 94 депутат "макул" деп добуш берген. 6 депутат "каршы" добуш берген.
Ал эми Жанар Акаев менен Рыскелди Момбеков добуш берүү мыйзамсыз экенин айтып, мыйзам долбоорун артка чакырып алууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн