Теке 20, 2025
Убакыт: 02:19
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

95% даяр. Баткенде кургатылган өрүктү кайра иштетүүчү завод курулат

16.06.2022 14:37
1174
95% даяр. Баткенде кургатылган өрүктү кайра иштетүүчү завод курулат

Баткен облусунун Кара-Бак айылында кургатылган өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет.


Ишкер Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, жылына 1 миң 500 тонна өрүктү кайра иштетүү пландалууда. Өрүк АКШ, Япония жана Россияга экспорттолот.


“Бүгүнкү күндө ишкана 95 пайызга даяр. Мындай завод облустун аймагында биринчи жолу ишке киргени жатат”, - дейт ал.


Ишкер кошумчалагандай, ишкана ишке кирсе 30дан ашык адам жумуш менен камсыз болот.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн