Бугу 21, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Азия өнүктүрүү банкынын каржылоо механизми боюнча макулдашуу ратификацияланды

20.05.2020 10:21
926
Азия өнүктүрүү банкынын каржылоо механизми боюнча макулдашуу ратификацияланды


Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Макулдашуунун максаты болуп Ош, Каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча чакан иш-чараларды каржылоо саналат.

Макулдашууну ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 10 млн АКШ доллар суммасында грант түрүндө берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн