Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эң оор түйшүк – жамандык-жакшылыктарга чектөө болгону, - Нарын коменданты (маек, фото)

19.05.2020 11:27
1199
Эң оор түйшүк – жамандык-жакшылыктарга чектөө болгону, - Нарын коменданты (маек, фото)


COVID-19 жугуштуу илдетинен улам өлкөгө киргизилген өзгөчө абал учурунда Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендантынын милдетин аркалаган Нарын ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев маек куруп, аталган аймактагы абал, кырдаал учурундагы кыйынчылыктар, анын кесепеттери туурасында айтып берди.


-Улан мырза, тоо койнундагы эркин элди чектөөгө алуу кыйынчылык туудурса керек? Сиз үчүн өзгөчө абал учурунда эң оор түйшүк эмне болду?


- Нарын облусу өзгөчө абалга чейин өзгөчө кырдаал режиминде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып жаттык. Иш учурунда ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болдук, жөө жүргүнчүлөрдүн, автоунаалардын кыймылы көп болуп, эл менен кызматкерлердин ортосунда түшүнбөстүктөр да пайда болуп жатты. Ошол эле маалда өзгөчө кырдаал учурунда эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз, байма-бай жүргүзүлүп жаткандыктан кыйынчылыктарды өз учурунда жеңип, өзгөчө абал режимине жеңил шарт менен кирүүгө жол ачылды. Ал эми өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген күндөн баштап тартип, укук бузуу фактылары анча көп катталган жок. Себеби, менин жеке оюмча буга чейинки иштеген ишибиздин жыйынтыгынан улам эл кырдаалды толук түшүндү. Баарынан да мен үчүн өзгөчө абал учурунда эң оор түйшүк жараткан бул – жамандык, жакшылыктарга чектөө киргизилгени болду. Бир мисал айтайын, Нарын районунда бир жаран каза болуп, ал жерде эң жакын туугандары, тактап айтканда 22 гана адам катышып, өздөрү акыркы сапарга узатышты. Канткен менен калыптанып калган салт-санаа, каада дегенден шарт эле баш буруп кетүү баардык эле адамга абдан оор таасирин тийгизбей койбойт. Ушундай учурлар жүрөктө калды.

Бул оору чындыгында айттырып келбейт экен, көзгө да көрүнбөгөн коркунучтуу жугуштуу оору же, тилсиз жоо менен күрөшүүгө бизге КР ИИМнин, чек ара, аскер кызматкерлери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жардам берип көмөк көрсөтүп жатышты. Негизинен баардык иш аракетибиз, кылган кызматыбыз жана эмгегибиз эл үчүн, элдин коопсуздугу үчүн болду деп айтсам жаңылышпайм.


- Жалпы аймак боюнча канча карантиндик пост уюштурулуп, канча кызматкер иш алып барды?


- Нарын облусунун аймагында жалпы облустар аралык чектешкен аймактарда 3 санитардык-карантиндик посттор уюштурулган. Бул посттор бүгүнкү күндө да өз ишин улантууда. Алар Кочкор районундагы Сары-Чат, Ак-Талаа районундагы Ак-Тал-Чат жана Жумгал районундагы Арал посттору. Ал эми Нарын облусунун ичинде жалпы 18 санитардык-карантиндик посттор иш алып барышты. Мындан тышкары өзгөчө абал учурунда Ат-Башы районунда 8 блокпост жана 5 фильтрациялык (чыпкалоочу) посттор иштеп жатты.

Оорунун очогу болгон Ат-Башы районунун аймагында жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын Нарын облусунун башка аймактарына таралышына, жайылышына жол бербөө максатында кызмат өтөө үчүн кызматтык иш сапарга Нарын ОИИБдин 37, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн жалпы 20 кызматкер, ИИМнин Шумкар АБПнын 41, Ысык-Көл ОИИБнан Баңги затка каршы күрөшүү кызматынан 4, Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын жөө аскерлеринин жана Нарын шаарындагы чек ара кызматынан жалпы 77 кызматкер 2020-жылдын 15-апрель күнү келишип, 2020-жылдын 10-майына чейин кызмат өтөп беришти. 


- Жергиликтүү эл ыктыярдуу кошуун уюштуруп жардамга келип жатышты. Мындай кошуундардын ишинин натыйжалары кандай болуп жатты жана сиздердин ишти жеңилдетүүгө жардамы тийдиби?


- Жергиликтүү элдерден турган ыктыярдуу элдик кошуундар милиция кызматкерлерине өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери учурунда жакшы жардамдарын беришти. Алар өз ыктыярлары менен блокпосттордо турган кызматкерлерге жана обсервациялык пункттарын кайтарып турган кызматкерлерге тамак-ашын даярдап, алып келип берип жатышты. Андан тышкары айыл ичиндеги чыпкалоочу постторго өз каалоолору менен кезметке турушту. Жергиликтүү элдин постторго туруп жардам кылганы бизге аябай жакшы жеңилдик болуп жатты. Себеби Ат-Башы районунда илдет көп болгондуктан жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери өздөрүнүн жашоочулары менен биргеликте жүргүзүлгөндүгүнөн улам жарандар болуп жаткан абалды туура түшүнүү менен кабыл алып жатышты. Күнү-түнү байланышка чыккан 2000ден ашуун жарандардын суроолоруна жооп берилди.

Ошондой эле облуста мамлекеттик жана жеке уюмдар максаттуу иш алып барып, облус боюнча 26 428 адамга жардам көрсөтүлдү.


- Нарын чөлкөмүндө вируска кабылгандар арасында, атургай жөнөкөй карапайым жарандар арасында да карантинге каршы чыккандар болуп жатты. Талапка баш ийбей, дарылануудан да баш тартып, ооруканадан качып жаткандар болду. Ал ортодо митингге да чыгышты. Буларга кандай чаралар көрүлдү? Аларга карата түшүндүрүү иштери кандай өңүттө жүргүзүлдү?


- Тилекке каршы биздин облустун аймагында да илдетке кабылган жарандар арасында түшүнбөстүктөр болуп, социалдык тармактарга чыккан учурлар кездешип жатты. Арийне, дүйнө жүзү күрөшүп жаткан бул пандемия абалында кемчиликтер кетпей койгон жок. Аны туура түшүнүү менен кабыл ала билүү кажет деп ойлойм.

Ал эми биз тараптан баардыгына өз убагында көңүл бурулуп, жарандардын баардык аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Маалыматтарды эсепке алуу журналына жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү иштери мыйзамга ылайык жүргүзүлүүдө. Бирок азыркы учурда териштирүүлөр убактылуу токтотулуп турат, себеби жарандар ооруканадан чыгышып үй карантинине чыгарылгандыктан аларга сурак жүргүзүүгө мүмкүн эмес болууда.

КР Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин негизинде укук бузган жарандарга мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар каралган. Ал эми кылмыштын жана жоруктун белгилери аныкталбаган учурларда мыйзамга ылайык материалдар номенклатуралык делого чыгышталып жатты.


- Комендант катары айтсаңыз, бул илдет, анын кесепеттери элдин аң сезимине кандай таасир эте алды?

- Биздин жарандар, жалпы эле кыргыз эли бул жугуштуу илдетке башында терең маани бербей жаткандыгы ырас. Качан гана бул илдет биздин өлкөдө жана ар бир облуста кездеше баштаганда гана жарандар маани берип сактанып жатышты. Нарын эли өзгөчө абалдын эрежесин гана сактабастан ага туруштук берип, баардыгы кылып жаткан иштерин токтотуп, коронавирус илдети коркунучтуу экенин, андан үйдө болуп гана сактануу керек экенин түшүнүп, биз тараптан коюлган баардык талаптарга баш ийип беришти.

Эң башкысы, бул сыноо, кырдаал үй-бүлөлүк тутумга абдан чоң таасирин берди. Айрым бир үй-бүлөгө кайдыгер карагандар, же заман агымы деп индивидулалдуулукту туу тутуп бара жаткандар үй-бүлө деген ыйык жана баарынан бийик тураарын, ага аяр мамиле кылыш керектигин аңдашты. Бул оору адамгерчилик сапатка да тараза болуп берди. Дегеним, байлык эч нерсе эмес экендиги, ден соолук башкы орунда болуш керектиги, адамдарга атаандаш же терс көз карашта болбостон боорукерлик менен мамиле кыла билүүнү үйрөттү. Айтып жаткандарымдын ар бирине далилди кырдаал учурунда эл аралап жүрүп өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. 

Мен учурдан пайдаланып Нарын облустук ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына жана жалпы эле COVID19 жугуштуу илдеттин алдын алууда чогуу бирге болгон күч аракеттерин жумшап тикесинен тик туруп, элим-жерим деп иштеген жалпы кызматкерлерине мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө, элибиздин келечектеги бейпил жашоосу үчүн кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин.

Жалпы кыргыз элиме ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчылык, аманчылык жана жаман оору сыркоолордон алыс болушуңуздарды каалап кетмекчимин.


ИИМдин басма сөз кызматы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн