Кадамжай районундагы өзбек-кыргыз чек арасында болгон чыр-чатакта кыргыз жараны А.Ахуновго таш тийип, ооруканада каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Кечээ, 10-июнь күнү Кадамжай РИИБнин өкүлү К.Коңуров 1970-жылы туулган А.Ахунов Айдаркен аймактык ооруканасында каза болгондугун маалымдаган. Бул маалымат райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, Ахуновдун денесине медицина кызматкерлеринин катышуусунда сырткы кароо жүргүзүлгөн. Кароо учурунда каза болгон А.Ахуновдун денесинде эч кандай жаракаттар жок экендиги такталган, деп билдирди басма сөз кызматы.
Айдаркен жалпы дарыгерлер борборунун дарыгери А.Бегматовдун тактамасына ылайык, А.Ахунов ооруканага 31-майда жаткырылып, 9-июнда өз ажалы менен каза болгон.
Кечээ, 10-июнда аталган жагдай Кадамжай РИИБне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тергөө мезгилинде А.А. 31-май күнү саат 22:30дар чамасында жандандыруу бөлүмүнө эс үчүн жоготкон абалда жаткырылып, денесине сырткы кароо жүргүзгөн мезгилде эч кандай көгөргөн, сыйрылган, же сөөктөрүнүн сынган жарааттары жок экендиги аныкталган. Медициналык изилдөө жана диагноз коюу мезгилинде А.Ахунов өзүнүн автоунаасын айдап келип, өзүн жаман сезгендигин, башы катуу ооруп жаткандыгын билдирип, тез жардам бөлүмүнө кайрылгандыгы маалым болгон. Ошондуктан ага баш мээнин кан айлануусунун курч бузулушу, гемморрагиялык инсульт деген диагноз коюп дарылоого алынгандыгы такталган.
Азыркы мезгилде тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн