Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча соттун чечиминин негизинде УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда сот органдары тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуялар боюнча иш каралууда.
"6-октябрга караган түнү болгон окуялар учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна карата басым болуп, ал баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча токтомго кол койгон. Ал факт боюнча мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө жана аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча маселе каралууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн