Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

А.Баатырбеков: Көбү COVID-19ду тойлордон, куран окутуу иш-чарасынан жугузуп алууда

07.09.2020 09:07
974
А.Баатырбеков: Көбү COVID-19ду тойлордон, куран окутуу иш-чарасынан жугузуп алууда

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө коомдук жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда  рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Көп сандаган адамдардын катышуусундагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү жогорку уюшкандыкта жүргүзүүсү шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков. 

Отурумда өлкөнүн бир катар облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, жарандарга коронавирус инфекциясынын жугушун алдын алуу  боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. 

Муну менен катар өпкөсү сезгенген өтө оор абалдагы бейтаптардын ден соолугун жакшыртуу маселеси талкууланды. 

Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлиги өтө оор абалдагы бейтаптар үчүн дарыгерлердин консилиумун уюштурууда.

Ошондой эле курулуш иштери жана багыты өзгөртүлүп, ооруканага ыңгайлаштырылып жасалып жаткан саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси дагы каралып, бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн