Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

АФК кубогу: Бүгүн кыргызстандык менен тажикстандык команда оюн өткөрөт

30.06.2022 09:39
1300
АФК кубогу: Бүгүн кыргызстандык менен тажикстандык команда оюн өткөрөт


Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн мелдештин тайпалык оюндарынын алкагында кыргызстандык “Дордой” менен тажикстандык “Худжанд” клубдары оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюн, бүгүн, 30-июнда саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, эки команда тең F тайпасында жайгашкан. Эгер кыргызстандык команда “Худжандга” эки гол киргизсе, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

АФК кубогу үчүн мелдешке Кыргызстандан эки клуб катышууда: “Дордой” жана “Нефтчи”. “Дордой” командасынын оюндары Бишкекте өтүп жатса, “Нефтчинин” (E тайпасы) беттештери Тажикстанда өтүүдө.

Ал эми “Нефтчи” дагы бүгүн тажикстандык “ЦСКА” менен оюн өткөрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн