Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

АФК Өзбекстандын футбол ассоциациясына 344 миң доллар айып салды

09.10.2025 11:14
16
АФК Өзбекстандын футбол ассоциациясына 344 миң доллар айып салды


Азия футбол конфедерациясы (АФК) Өзбекстандын футбол ассоциациясына Катар менен болгон жолдоштук оюндан кийин аныкталган эреже бузуулар үчүн 344 миң АКШ доллар өлчөмүндө айып салды. Бул тууралуу уюмдун расмий билдирүүсүндө айтылды.


Айыптын негизги себеби — Катарга каршы өткөн оюндан кийинки уруксатсыз уюштурулган сыйлоо аземи экендиги айтылат. Анда улуттук курама командасынын оюнчулары менен машыктыруучуларына BYD үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылган.


Мындан тышкары, ассоциация маалымат жыйындарын уюштуруудагы кемчиликтер жана жашыруун жарнама үчүн да сынга алынды. Ошондой эле Мираброр Усманов кубогуна байланыштуу документтерди кеч тапшыруу үчүн 1,5 миң доллар кошумча айып салынды.


АФУ айып пулду билдирүү алынгандан кийин 30 күндүн ичинде төлөөгө тийиш.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн