Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жаңы вируска карата вакцина жок болгондуктан, жарандарды өздөрүнүн ден соолугун сактоого, бардык санитардык-гигиеналык чараларды колдонууга чакырат, деп билдирди Республикалык ыкчам штаб.
“Жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткаруу менен биз өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал тартибинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгындагы жетишилген натыйжаларды колдойбуз. Вирус менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмасы – гигиена жана өзүн-өзү изоляциялоо. Колдон келишинче үйүңүздөрдөн чыкпоону суранам, биз баарыбыз биригип бул кырдаалды жеңип чыгабыз”, - А.Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн