Бешимбаева Айгерим Кабылбековна «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Бешимбаева вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган Аида Исмаилованын ордуна келди.
Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда туулган.
Пикирлер (3)