Белгилүү The New York Times агенттиги өздүк булактарына таянып Америка Кошмо Штаттары жакынкы күндөрү Чыгыш Европага 50 миң аскер жөнөтүшү мүмкүн экенин жазды.
Маалыматка таянсак, АКШ президенти Жо Байден бир жума ичинде чечимди кабыл алат. Ага ылайык, Балтика боюндагы өлкөлөргө жана Украинага АКШ тараптан 50 миң аскер жана аскердик техникалар, анын ичинде аскердик кемелер жана аскердик учактары жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, АКШ мамлекеттик департаменти Украинадагы өкүлдөрүн жана алардын үй-бүлөлөрүн өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн