Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

АКШ Кыргызстандагы билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн 15 млн доллар бөлүүгө даяр

14.05.2022 09:58
390
АКШ Кыргызстандагы билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн 15 млн доллар бөлүүгө даяр

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШга иш сапарынын жүрүшүндө Вашингтон шаарында Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (Global Partnership for Education) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.


Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстанда билим берүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, мигранттардын балдарына жана башка максаттуу топторго мектептик билимди жана мамлекеттик үлгүдөгү документтерди алууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык системаны өркүндөтүү, ошондой эле КРнын алыскы жана чек арага чектеш райондорундагы мектептерине басым жасоо менен мектептерди STEM предметтери боюнча лабораториялык жабдуулар менен жабдуу маселелери талкууланды.


Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү КР билим берүү системасын жакшыртууга кызыкдар экенин, министр сунуштаган демилгелерди колдоого, анын ичинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларын модернизациялоого 15 млн доллары өлчөмүндө грант бөлүүгө, ошондой эле билим берүү системасынын потенциалын күчөтүүгө кошумча 1 млн доллар бөлүп берүүгө даяр экенин билдирди.


Министрликтен белгилегендей, бул багыттагы сүйлөшүүлөр улантылат.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн