Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 млн доллар бөлөт

06.11.2020 09:03
861
АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 млн доллар бөлөт

АКШнын ооруларды  профилактикалоо жана көзөмөлдөө борбору Кыргызстанга медициналык жеке коргонуучу каражаттарды жана оору аныктоочу компьютердик аппараттарды жөнөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Динара Оторбаева кабарлады. 


Чет өлкөдөн келген медициналык каражаттар Бишкек, Нарын, Ат-башы жана Ош регионундагы тиешелүү медициналык мекемелерге берилет. 


"АКШнын CDC жана ICAP уюмдары менен биз коронавируска каршы күрөшүүдө тыгыз байланышта болуп, түрдүү иш-чараларды өткөрүп келебиз. Биз аталган уюмдарга ушундай оор кырдаалда жардам бергендиги үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул жардамдар эпидемиялык абалдан чыгууга чоң өбөлгө болот деп ишенем" - дейт Динара Оторбаева. 


Жогоруда аталган уюм быйыл Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион доллар бөлө турганын белгилеген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн