Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

АКШ Кытай Россияга колдоо көрсөтсө чара көрөрүн эскертти

18.03.2022 14:12
623
АКШ Кытай Россияга колдоо көрсөтсө чара көрөрүн эскертти

АКШ президенти Жо Байден Си Цзиньпин Россиянын Украинадагы аракеттерин колдоп жатканын билсе, Кытайга карата чара көрөрүн айтты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Президент Байден эртең Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кытай Россиянын Украинадагы агрессиясын колдоп чыкса, жооп берерин Байден ошол сүйлөшүү учурунда эскертет", — деди Блинкен.

Буга чейин АКШ менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр жума күнү болору айтылган. Блинкендин айтымында, Вашингтон бардык мамлекеттерди Россияны атайын операциясын токтотууга мажбурлоого чакырат. Ал эми мындай аракеттерде Кытайдын ролу чоң экени дагы кошумчаланган.

"Кытай агрессияны сынга алуудан баш тартып, өзүн калыс катары көрсөтүп жаткан. Эми башка багытта бара жаткандай сезилүүдө. Тагыраагы, Кытай Россияга аскердик техника жагынан жардам берүүнү көздөп жаткан өңдүү", — деди мамлекеттик катчы.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн