Америка Кошма Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги коомдо талкуу болуп жаткан Конституциянын жаңы долбоору боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу АКШнын элчилигинен кабаралашты.
Маалыматка ылайык, АКШ президенттикке талапкерлердин Конституциялык референдумду жазга же кийинки мөөнөткө жылдыруу сунушун колдойт.
"Кыргыз элине өз мамлекетин кандайча башкаруу керектиги тууралуу бир пикирге келүүгө убакыттын керектиги абзел.
Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн бардыгын кыргыз эли кеңири коомдук талкуудан кийин чечиши керек. Конституциялык Кеңешме жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана оппозиция өкүлдөрүн камтыган кеңири үндөрдү камтышы керек.
Сураныч болсо, Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөрү бул жараянга жардам көрсөтүүнү улантышат. Мисалы, Венеция комиссиясы кыргыз эли конституциялык өзгөртүүлөрдү карап, талкуулап жатканда техникалык колдоо көрсөтө алат",-деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (1)