Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:08
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

АКШ Крым көпүрөсүндөгү терактыга тиешеси жоктугун билдирди

19.07.2023 10:29
1271
АКШ Крым көпүрөсүндөгү терактыга тиешеси жоктугун билдирди


АКШ Крым көпүрөсүндөгү чабуулга тиешеси жоктугун Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер билдиргенин РИА Новости жазды.


"Бул такыр туура эмес", — деген Миллер брифингде. Бул анын Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун Крымдагы чабуулда украиналык радикалдарды штаттардын калкалаганын айтып, АКШ мунусу менен Киевдин кылмыштарынын катышуучусу болуп жатат дегенине берген жообу болду.


Россиянын Террорчулукка каршы күрөшүү улуттук комитетинин билдиргенине караганда, 17-июлда таңкы саат 3.05 чамасында пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен суу алдынан Крым көпүрөсүнө кол салышкан. Терактынын кесепетинен көпүрөнүн автоунаа жүргөн жеринин бөлүгү талкаланган. Мунун кесепетинен белгороддук үй-бүлө — аялы-күйөөсү каза таап, кызы жарадар болгон.


Терактынын кесепеттерин жоюу боюнча РФтин премьер-министринин орун басары Марат Хуснуллин жетектеген өкмөттүк комиссия иш алып барууда.


Анын айтымына караганда, бир багыттагы жол менен эки тараптуу кыймылды ишке киргизүү 15-сентябрга, ал эми эки багыттагысын ишке киргизүү ноябрга белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн