Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

АКШ Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча билдирүү жасады

19.02.2021 20:58
2762
АКШ Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча билдирүү жасады


Америка Кошмо Штаттары Райымбек Матраимовдун коррупция жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырган деген айып менен тергөө амалдары жүргүзүлүп, камакка алынгандыгын кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.


"Биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте уурдалган мүлктү аныктоо жана ал мүлктөр тастыкталса, аларды кыргыз элине кайтаруу боюнча кызматташууга даярбыз", - деп айтылат билдирүүдө.


Эске салсак, кечээ,18-февралда УКМК Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн