Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

АКШ Россияга карата экспорттук чектөөлөрдү күчөттү

30.06.2020 15:54
1021
АКШ Россияга карата экспорттук чектөөлөрдү күчөттү


Америка Кошмо Штаттарынын бийликтери Россияга карата катаалдаштырылган экспорттук чектөөлөрдү аракетке киргизди деп маалымдады ТАСС агенттиги.


Тиешелүү эскертүү апрель айында эле америкалык өкмөттүн расмий документтеринин жыйнагы болгон – Федералдык реестрге жайгаштырылган. Бул чечим жарыяланган учурдан 60 күн өткөндөн кийин күчүнө кирди.


Сөз экспорттук көзөмөлгө жоопкер АКШнын Соода министрлигинин Өнөр жай жана коопсуздук бюросунун документи, кош жана аскердик максаттагы америкалык продукциялардын Россияга, ошондой эле Кытай менен Венесуэлага экспортуна лицензия берүүнүн талаптары жөнүндө болуп жатат.


Жаңы эрежелер “аскердик максатта пайдалануу” түшүнүгүн кеңейтет. Бул аныктама аскердик продукцияларды түзүүгө жана чыгарууга колдонулуучу баардык товарларга тиешелүү болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн