Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

АКШ Россияны Жакынкы Чыгыштан «чыгып кет» деди…

05.06.2020 21:11
1348
АКШ Россияны Жакынкы Чыгыштан «чыгып кет» деди…


АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Шенкердин пикиринде Москва 45 жылдан бери Жакынкы Чыгышта бүлгүнчүнүн (деструктивдүү) ролун” ойноп келет. Ошондуктан, Россия бул аймактан кетиши керек деп айтты Вашингтондо 4-июнда Жакынкы Чыгыш институту тарабынан уюуштурулган видеоконференцияда.

Шенкердин айтымында, бул маселеде орустардын Сирияга келишин колдогон АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын катасы чоң. Обаманын дарегине мындай сынды буга чейин аракеттеги президент Дональ Трамп да айткан.

Жардамчынын айтымында Россиянын Сириядагы ийгиликтери эми аны 2011-жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Ливия жаңжалына кийлигишүүгө белсентүүдө.


Дэвид Шенкердин оозу менен айтылган АКШнын бул сунушуна Россиянын тышкы саясат мекемеси жооп кайтарды деп маалымдады РИА “Новости”. “Бул жеткен акылсыздык. Ал өзү эмне деп жаткандыгын түшүнө бербейт” деп билдирди агенттикке ТИМдин өкүлү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн