Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

АКШ Сенаты Украинага 40 млрд долларлык жардам берүүнү колдоду

20.05.2022 08:53
541
АКШ Сенаты Украинага 40 млрд долларлык жардам берүүнү колдоду

Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты 19-майда Украинага 40 миллиард долларлык аскердик жана экономикалык жардам бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Чечимге 86 сенатор макул, 11и каршы добуш берген чечим эми кол коюуга президентке жөнөтүлөт.


40 миллиарддын 24 миллиард доллары курал-жарак, аскердик жабдык сатып алууга, Украинанын армиясын каржылоого, калганы экономиканы колдоого, Зеленский башында турган жетекчиликтин ишин улантууга көмөктөшүүгө, Украинанын айыл чарба товарларынан көз каранды өлкөлөрдө азык-түлүк жардам программаларын ишке ашырууга, качкындарды колдоого бөлүнөт. Орус армиясынын Украинадагы аскер кылмыштарын иликтөө боюнча чыгымдарга да каражат каралууда.


Документке Ак үй кол койгондон кийин Орусия кол салгандан бери АКШнын Украинага бөлгөн жардамынын жалпы суммасы 50 миллиард доллардан ашат

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн