Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

АКШ Тажикстанга чек арасын көзөмөлдөө үчүн 20 млн долларга Puma дрондорун берет

12.05.2022 09:16
810
АКШ Тажикстанга чек арасын көзөмөлдөө үчүн 20 млн долларга Puma дрондорун берет

АКШ  Тажикстандын коопсуздук тармагы үчүн 60 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу "Азия Плюс" редакциясы  Американын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершаймга таянып жазды.


Белгилүү болгондой, Тажикстан үчүн Афганистандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан террордук топтордун коркунучу бар.  АКШ тажик-афган чек арасына чек ара бекеттерин курууга жана чек арачыларга,  алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берет. 


Жардам катары  АКШ Тажикстанга чек арасын көзөмөлдөө үчүн "Puma" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды берет. Учурда тараптар 20 миллион долларлык келишим боюнча макулдашып жатышат.

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/407229/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн