Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Белгилүү болгондой, президент Байден кол койгон меморандумга ылайык, АКШ Украинага 550 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтөт.
Киевге жөнөтүлө турган аскердик жардамга М777 гаубицасы үчүн 155 миллиметрлик 75 миң снаряд жана HIMARS ракеталык комплекси камтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн