АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Европа боюнча улук директору Аманда Слоут журналисттерге Украинадан НАТОго кирүү үчүн “демократиялык жана коопсуздук секторундагы реформалар” күтүлүп жатканын айтты.
"Украина дагы деле демократиялык жана коопсуздук тармагындагы реформаларды улантууга муктаж. Президент (АКШ Жо Байден) Украина буга жетише аларына ишенебиз деп ачык айтты", - деди Слоут.
Буга чейин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг эгер Украина Россия менен тирешүүдө жеңе албаса, анда анын альянска мүчө болуу маселеси актуалдуулугун жогото турганын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн