Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө Борбор Азияда алдыда

08.05.2020 08:46
1188
Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө Борбор Азияда алдыда

.

Кыргызстанда кабыл алынган чектөө чаралары коронавирус илдетинин жайылуусун жайлатты. Бул тууралуу Борбордук Азияда илдетти алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча АКШ борборунун аймактык директору Даниэль Сингер брифингде билдирди.


“COVID-19 инфекциясына Кыргызстандын мамилеси, чек аралардын жабылышы, чектөө чараларынын кириши илдеттин жайылуусун жайлатты”, - деп айтты ал.


Сингер ошондой эле алардын анализи Кыргызстанда адамдардын коомдук жайларда, дүкөндөрдө жүрүүсү 60 пайызга төмөндөгөнүн көрсөткөнүн билдирди. "Борбор Азияда Кыргызстандын көрсөткүчү эң мыкты", - деп кошумчалады ал


Бирок бул иш-чаралар болгону вирустун жайылышын гана азайтты, ал эми алдыда чоң иштер жасалышы керек. Көптөгөн адамдарды тесттен өткөрүп, чектөөлөргө алуу зарыл. Мен ойлойм, биздин колдоолор ушул багытта иш алып барууга жардам берет”, - деген Даниэль Сингер.


Эске салсак, Илдетти алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча АКШ борбору Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө 1,38 млн доллар каражат бөлөт. Бул акчанын бир бөлүгү лабораторияларга жабдыктарды жана реагенттерди сатып алууга жумшоо пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн