Аскарбек Шадиев Кыргызстанга өткөрүлүп берилбейт. Мындай пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчисинин басма сөз катчысы Нолэн Жонсон 24.кг агенттигине билдирген.
Маалым болгондой Шадиев Кыргызстан менен АКШ ортосунда экстрадициялоо келишими жок болгондуктан өлкөгө кайтарылып берилбейт.
"Бул маселе боюнча элчи Дональд Лу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен 1-мартта жолугушуп сүйлөшкөн. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдуулук, анын ичинде АКШда жайгашкан адамдар жана мүлк менен иштөө боюнча кызматташууга даяр.
Көлбаев үчүн 5 миллион доллар сыйлык жана Матраимовду жана анын мүлкүн Магнитскийдин санкциялар тизмесине киргизүү бул аракетибиздин далили",- деди басма сөз катчы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн