Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

АКШ элчилиги Матраимовдун бошотулушуна кайрадан нааразылыгын билдирди

16.04.2021 17:35
1136
АКШ элчилиги Матраимовдун бошотулушуна кайрадан нааразылыгын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Дональд Лу  Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бошотулганына байланыштуу билдирүү таратып, муну “көңүл калтырарлык иш” деп атады. 16-апрелде Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө бажыдагы коррупциялык схемага катышканы, натыйжада кеминде 700 миллион доллар адалданганы үчүн Матраимов “Магнитский тизмесине” киргизилгени жана визалык чектөөгө алынганы, бул акчаны кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарбасы тармактарына жана пенсияга колдонсо болмоктугу белгиленди.


Ошондой эле бул билдирүүдө “АКШ Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү кылмыштуу мүлкүн камакка алып, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин уланта берет. Биз Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары менен биргеликте анын камакка алынышы ыктымал болгон мүлкүн жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз” деп айтылды.


Элчилик АКШ 2019-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык 4,5 миллион долларын Кыргызстанга кайтарып беришин Кошмо Штаттардын жемкорлукка каршы аракетинин жана уурдалган активдерди кыргыз элине кайтаруу ниетинин далили экенин билдирди.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Матраимовду кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Булак: "Азаттык"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Октябрда бироолор камалат Раим деди беле?