Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

АКШ Камчы Көлбаевдин бошотулганына тынчсызданганын билдирди

03.03.2021 14:29
789
АКШ Камчы Көлбаевдин бошотулганына тынчсызданганын билдирди

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин боштулушуна тынчсызданганын билдирди.  Бул тууралуу 24.кг жазды.


Анын айтымында, Камчыбек Көлбаевдин баңги заттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Россияда жана Европада балдарды ууландырып жатат. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кылмыштуу тармакты жок кылууга алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган.

Жакында УКМКнын жетекчилиги менен болгон жолугушууда элчи Лу АКШнын укук коргоо органдарынын Көлбаевди иликтөө жана сот жообуна тартуу аракеттерин колдоо боюнча АКШнын милдеттенмесин кайталаган.


"АКШ бийлиги Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылгандыгы үчүн сунуш кылынган сыйлыктын көлөмүн көбөйтүүнү жана кыргыз өкмөтүнө өлкөнү кылмыштуу синдикат тарабынан келтирилген коркунучтан арылтууга жардам берүү максатында, кыргыз жарандарына бул сыйлыкты алууга мүмкүнчүлүктүн өркүндөтүлгөн механизмин түзүүнү көздөп жатат",- деп билдирген элчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн