Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

АКШ эмне үчүн Матраимовду каматкысы келип жатат?

02.12.2020 09:03
1048
АКШ эмне үчүн Матраимовду каматкысы келип жатат?

АКШ элчилиги Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин колдоду. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди. 


"АКШ элчилиги Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Райымбек Матраимовго каршы козгогон ишинде башка катышуучулар да пайда болгонун белгилейт. Тергөө жана өкүм – уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн ачкычы. Элдин ырыскысын уурдагандардын баары сот алдында жооп берерин камсыздайт", - деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.


Белгилей кетсек, УКМК Райым Матраимовго карата кылмыш ишин ачып, тергөө амалдары менен макул болгон үчүн үй камагына чыгарылган. Мындан сырткары, Матраимов өз эрки менен мамлекетке 2 миллиард сом төлөп бере турган болгон.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Назаке
АКШнын элчилиги туура айтса айткандыр бирок башка өлкөнүн ички иштерине же күч түзүмдөрүнө түз же кыйыр түрүндө билдирүү же кандайдыр бир багыттама берүүгө укугу жокко Матраимовдун камалаары же камалбасы башка өлкөнүн ички иши.
Аскат
Анткени өлкөдө коррупция болушун каалабайт да. Молдовада олигарх Плахотнюкка да каршы болгон. Ал да мафиясы менен өлкөсүн тоноп жүргөн