Теке 10, 2025
Убакыт: 18:56
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

АКШ кыргызстандыктарга жаңы миграциялык чектөөлөрдү киргизди

10.07.2025 09:30
21
АКШ кыргызстандыктарга жаңы миграциялык чектөөлөрдү киргизди


Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти ушул жумадан тартып Кыргызстандын жарандарын АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөрдү киргизгенин билдирет.


Ведомстводон белгилешкендей, бул чаралар америкалык тараптан бир жактуу негизде жана  кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен  кабыл алынган. Мындай жагдай Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалогдун алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат.


Ушуга байланыштуу жакын арада тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Л.Вигери менен жолугушуусу болот. Анда чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген себептер, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат.


Тышкы иштер министрлиги АКШ менен конструктивдүү кызматташтыкка чоң маани берет, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерди улантат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн