Америка
Кошмо Штаттарында коронавирус пандемиясынын жайылуусу жогорку чегине жетти. Бул тууралуу
АКШнын президентти Дональд Трамп маалымат жыйында айткан.
"Биз ийри сызыктын башында турабыз, мен буга толук ишенем”, - деген Трамп.
Анын айтуусуна караганда АКШнын айрым аймактарында дартка чалдыккандардын саны азая баштады.
Мындан сырткары, жыйынга катышкан вице-президент Майк Пенстин айтымында, коронавирустун абалы өтө курч болгон региондордо стабилдүүлүктүн белгилери барган сайын байкалууда. Мисал катары ал Нью-Йорк жана Денвер шаарларын, ошондой эле Луизиана штатын атаган.
АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 460 миңден ашып, андан 17 миңге жакыны каза болгон. Ал эми 26 миңдей адам айыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн