Америка Кошмо Штаттары коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, АКШда COVID-19 илдетин жуктурган 81 321 учур катталып, Италия менен Кытайдын көрсөткүчүн басып өттү. Жон Хопкинс Университетинен эсеби боюнча АКШда 80 миңден ашык адам катталып үчүнчү орунда, 81,7 менен Кытай алдыда деп билдирүү жасаган.
Ошондой эле, Кошмо Штаттар илдетке кабылгандардын санынын өсүүсү боюнча да башка өлкөлөрдөн алдыга чыккан. АКШнын президентти Дональд Трамп тездик менен жайылуунун массалык тесттен өткөрүү менен байланыштырган, анын көз карашын вице-президент Майкл Пенсда колдоп, жарым миллиондон ашык адам COVID-19га тест тапшырганын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн