Америкалык Улуттук Демократиялык Институту (NDI) АКШ мындан кийин шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин дебаттарын каржылабай турганын расмий жарыялаганын Регнум агенттиги билдирди.
2021-жылдын 7-январында КТРКнын өкүлдөрү келишимдин шарттарын бузгандыгына байланыштуу Америка тарап коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен кызматташууну токтотту.
"Бул телекөрсөтүүлөрдүн сапатына, калыстыкка жана ачык-айкындуулукка таасирин тийгизди", - деп айтылат Американын Демократиялык Институтунун билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда NDI "башка маалымат каражаттары жана Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы менен кызматташууну улантууга үмүттөнөрүн" да белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн