Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

АКШ өзбек президентине маалыматтык чабуулун баштадыбы?

25.02.2021 09:31
516
АКШ өзбек президентине маалыматтык чабуулун баштадыбы?


АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын" радиосу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин “сары изине” түшүп, аны каза баштады. “Коруктагы суу сактагыч”, “Коруктагы жашыруун ак сарай”, “Бейиштей жерден куулгандар”, “Биздин атабыздын дачасы: Активист президенттин сырын ачты” деген иликтөөлөрүн жарыялап, аны “Азаттыктын” өзбек кызматы аркылуу таратууда. Дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекетинде жарык көргөн башка кызматтарына котортуп, болушунча өзбек президентин жек көрсөтүүнү баштады.


Бул иликтөө россиялык оппозиционер Алексей Навалныйдын Путиндин дачасы тууралуу берүүсүнө, Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча жарыяланган материалдарга куюп койгондой окшош. Стили да бир айырмаланбайт, баары жерден чыккандай.


Өзбекстандын президентин айыптаган берүүлөрдө аталган мамлекеттин Ахангаран районунан Чаткал тоо кыркасына көтөрүлүп бараткан тоого салынып жаткан дачаны иликтеген. Эми эркин мамлекет, анын президенти үчүн мындай дача куруу айып деле эмес. Аны көбүртүп, ашыра чагылдыруунун артында ыплас саясат жатканы билинип эле калды. Өзбекстандын президенти Шавкат мырза кыраакы киши экени белгилүү. Ушул багытта ал өз аракетин көрүп, мындай маалыматтык чабуулга каршы татыктуу жоопту бериши керек. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн