АКШнын Миннеаполис шаарынын бийлиги 2020-жылы май айында полициячылар кармап жатканда каза болгон куралсыз кара терилүү Жорж Флойддун үй-бүлөсү менен 27 миллион долларлык наркты түзгөн жайгарууга жетишти.
Шаардык кеңеш 12-мартта бир добуштан үй-бүлөнүн соттук доосун жайгаруу үчүн жогорудагы ири көлөмдөгү акчаны төлөө тууралуу чечимди бекитти.
Жорж Флойддун бир тууган карындашы Брижетт Флойд айым ал жана анын үй-бүлөсү "менин агам Жорж үчүн акыйкаттыкка жетүү үчүн болгон кайгылуу сапарыбыздын ушул бөлүгү чечилгенине кубанычтабыз", – деп билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн