Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:30
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Дональд Трамп социалдык түйүндү жабууну көздөп жатат

28.05.2020 10:23
989
Дональд Трамп социалдык түйүндү жабууну көздөп жатат


АКШ президенти Дональд Трамп консервативдик көз караштагы тарапташтарынын каршы манипуляциясынын айынан социалдык түйүндөрдү жабууну ойлонуп жатат. Буга байланышкан пост Twitter баракчасында пайда болду.



Трамп белгилегендей, "Республика" партиясынын мүчөлөрү социалдык түйүндөрдү толугу менен консерваторлордун билдирүүлөрү басып кетти, деп эсептешет. Биз мындайга жол бербеш үчүн алардын ишмердүүлүгүн катуу тескейбиз же болбосо аларды таптакыр жабабыз”, - деп жазат АКШнын лидери.



АКШ жетекчиси кошумчалагандай, алардын 2016-жылдагыдай аракеттеринин кайталанбоосуна жол бербөө керек. “Оңдоп коюңуздар азыр” – деген Трамп соцсеттин өкүлдөрүнө кайрылып.



Мурдараак Трамп Twitter социалдык түйүнүн сөз эркиндигин кысымга алууда деп күнөөлөгөн. Андан кийин анын айрым билдирүүлөрүнүн алдына маалыматтардын бурмаланып жаткандыгы тууралуу каттар пайда болгон. Америкалык лидер ошондой эле социалдык түйүндү президенттик шайлоого аралашып жатканын айтып, күнөөлөгөн.

 

Буга чейин Twitter түйүнүндө Трамптын бир канча публикацияларынын алдында маалыматтардын жасалмаланып жатканы тууралуу билдирүүлөр айтылган. АКШ президенти жазгандай, почта аркылуу добуш берүү бюллетендерди жасалмалоо жана масштабдуу бурмалоого алып келет. Трамптын почта боюнча добуш берүү процедурасы тууралуу текстин негизсиз билдирүү жана жеткиликтүү эмес маалымат деп белгилешкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн