Бугу 07, 2024
Убакыт: 21:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

АКШ "Талибандарга" абадан сокку урду

24.07.2021 09:28
1153
АКШ "Талибандарга" абадан сокку урду

АКШ армиясы Ооганстандын өкмөттүк аскерлерин "Талибан" кыймылынын коркунучунан абадан сокку уруп колдоп жатат. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазышты.


Маалыматка ылайык, АКШ абадан соккуну Ооганстандын Кандагар районуна жасаган. Так ушул районду "Талибан" кыймылы басып алуу аракетин көрүүдө.


Сокку "Талибан" кыймылы басып алган имараттарга жана техникаларга карай жасалган. Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн