Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

АКШ санкциясы: Райым Матраимовдун доору аяктадыбы?

10.12.2020 11:12
718
АКШ санкциясы: Райым Матраимовдун доору аяктадыбы?


«Райым миллион» деген ат менен кыргыз коомчулугуна кеңири таанылган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов жана анын үй-бүлөсүнүн башынан кара туман эми чындап каптап келгендей болду. Мурда улам жаңы келген бийликтин тилин таап алып, өлкө ичинде ээн-эркин эле жүрө берген Матраимовду эми жаңы бийлик колтугуна корголошу өтө кыйын болуп калды. Буга АКШнын Каржы министрлигинин ага санкция киргизгени негиз болуп бериши толук ыктымал. Аталган министрликтин расмий сайтында «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеге» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымдарга берилген эки башка паспорттук маалыматтар киргизилген. Демек, эми «Райым миллион» АКШнын «кара тизмесинде».


Бул тизмеге киргендердин Америка Кошмо Штаттарында мүлктөрү же каржылык активдери бар болсо, алар камакка алынат. Ошондой эле кара тизмедегилердин АКШ жарандары менен биргелешкен бизнестери, мүлктөрү болсо (50% же андан жогору) аларга да арест салынат. Анан дагы кара тизмедеги адам менен бардык соода-сатык, кызмат көрсөтүү сыяктуу карым-катыштарга тыюу салынат. Демек, буту-колу тушалат.


Райым Матраимовго коюлган санкция тууралуу «Азаттыкка» “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан маек куруп мындай деген: «Бул – эл аралык коомчулук тааный турган маанилүү чечим. Бул – Матраимов жемкорлукка жана күмөндүү иштерге аралашканын айгинелеген кадам. Мындан кийин анын өзү жана ал түзгөн саясий партия мурдагыдай таасирдүү роль ойной албай калат. Дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарындагы мамлекеттер ал кандай кооптуу иштерге аралашканын түшүнүп, аларга жетиштүү маалымат берилет. Бул – анын эң оболу кылмыш жасап, ошол эле учурда коомдун кадимки мүчөсүндөй болуп, эл арасында ээн-эркин жүрө албай турганын ашкерелеген алгачкы өтө маанилүү чечим».


Эми Райым Матраимовдун АКШ гана эмес, башка чет мамлекеттерде да ээн-эркин жүрүшү жана ал жактарда өз ишмердүүлүгүн жасашына да тоскоолдуктар жаралат дегенди түшүнсөк болот. Салливандын айтымында Дубай жана Араб өлкөлөрү балким АКШнын бул санкциясына өзгөчө көңүл бурбашы мүмкүн, бирок Европа өлкөлөрү буга көңүл буруп, эгерде өздөрүнүн аймагынан Матраимовдун мүлктөрү табылса, аларды камакка алышы мүмкүн.


Демек, Райым Матраимовго эл аралык деңгээлде «капкан» коюлду. Эми анын ар бир кыймыл-аракети АКШ тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып тураарынан шек жок. Ошол эле убакта жаңы келген кыргыз бийлиги эми Райым Матраимовду 2 миллиард сом казынага төктүрүү менен эле толук жоопкерчиликтен бошотуп жибере албайт. Анда эле АКШ жана Европа өлкөлөрү кыргыз бийлигине сыртын салып коюшу мүмкүн. Сыртын гана салбастан түрдүү жолдор менен өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, жаңы толкундоолордун, нааразычылыктардын жаралышын камсыздап да бере алат. Ансыз деле 5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындап чыкты. Анан дагы октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы чечимдери тууралуу «Иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чаралар көрүлүп жатат» деп да кошумчалаган.


Көрүнүп тургандай эле АКШ өзүнүн элчилиги аркылуу Кыргызстандын ички иштерине тымызын кийлигишип жатат. Мындай кийлигишүүлөрдү мурда деле жасап келген. Эгерде кыргыз бийлиги АКШнын Райым Матраимовго койгон санкциясына кош көңүл мамиле жасап, анын мурдагыдай эле ээн-эркин жүрө беришин камсыздай турган болсо, анда океандын ары жагынан түрдүү «сюрприздерди» күтө берсек болот.


Дагы тереңирээк баам сала турган болсок, Р. Матраимовго салынган санкция АКШнын Кыргызстандын бийлигине карата «Биз менен жакшы мамиледе болгула, силер көбүрөөк Россияга ыктап кеттиңер» деген мааниде жасаган ишаараты. Эске сала кетсек, «Азаттык» радиосу акыркы жылдарда Райым Матраимовго байланыштырып Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу бир нече жолу журналисттик иликтөөлөрдү жасаган. АКШдан каржыланган бул маалымат каражаты Матраимовго чап кенедей жармашып калганы да бекеринен эмес экени ошондо эле билинген. Анын үстүнө Бажы тармагындагы коррупция тууралуу сөз кылганда төрага орун басары боюнча сөз кылардан мурун төрага жана ошол убактагы мамлекет башында турган адам тууралуу да сөз кылуу керек экени эске алынбаган болчу. Бул жагынан алганда «Азаттыктын» журналисттик иликтөөлөрү кайсы бир деңгээлде «заказной» экени билинип турган.


Ал эми АКШнын Каржы министрлигинин Р. Матраимовго санкция койгону ошол шектенүүлөрдүн жөн жеринен жаралбаганын далилдеп койду. Адегенде Матраимовго карата колунда турган «Азаттык» аркылуу маалыматтык чабуул жасап, анын ордунан санкция киргизди дегенге толук негиз бар.


Эми бул санкция октябрь тополоңунан кийин келген жаңы бийлик үчүн да баш оору болуп берет. Себеби, учурда президенттикке аттанып жаткан Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турган кезинде өз чечими менен Матраимовду камакка албай эле, мамлекетке 2 миллиард сом төктүрүүнү кабыл алганын билдирген. 2 миллиард сом АКШ доллары менен 25 миллиондун тегерегинде болот. Ал эми АКШ элчилиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кеминде 700 миллион АКШ долларын аткезчилик жол менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан деп жатат. Андыктан 25 миллион доллар менен жоопкерчиликтен толук кутултуп жибере турган болсо, бул бийлик үчүн да Райым Матраимов башкы «проблема» болуп берет.

 

Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн