9-май күнү АКШ президенти Жо Байден согуш учурунда жардам берүүнү жеңилдетүүчү "ленд-лиз" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Кол коюлган мыйзамдын негизинде Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам көрсөтүү сунушун АКШ Конгрессине киргизди.
"Рейтер" басылмасынын маалыматына таянсак, АКШ Конгресси аталган каражатка пандемияга бөлүнгөн 7 миллиард долларды кошуп, 40 миллиард долларлык жардам көрсөтүү маселесин карайт.
Бул мыйзам 10-майда кабыл алынып, күчүнө кириши мүмкүн экени айтылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн