Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

АКШ жана Канададан окуучулар менен студенттер келди

23.05.2020 11:06
1102
АКШ жана Канададан окуучулар менен студенттер келди


АКШ жана Канададан 146 кыргыз жараны келди. Бул туурлауу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 23-майда Бишкеке АКШ менен Канаданын ар кайсы шаарларындагы жарандар жана АКШда тажрыйба алмашуу программасы боюнча окуп жаткан 109 мектеп окуучусу, 37 студент келди.


Ал эми кайтып келген 146 жарандын ичинде ден соолугунун абалы боюнча шашылыш эвакуацияга муктаж жарандар бар болгон. FLEX программасы боюнча окуп жаткандардын Бишкекке акысыз келиши, америкалык Кеңештин эл аралык билим берүү боюнча программанын администраторлору тарабынан уюштурулган.


Алар Кыргызстанга кайтардын астында медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, жекече коргоонуучу каражатта менен камсыздалган.


Маалыматка таянсак, Бишкекке келген жарандар саламаттыкты сактоо министрлигинин тест тапшыруу жана карантинге карата коюлган талаптарын аткарышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн