Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

АКШ жана НАТО Москванын коопсуздук кепилдиги тууралуу талапка кат түрүндө жооп берди

27.01.2022 11:22
987
АКШ жана НАТО Москванын коопсуздук кепилдиги тууралуу талапка кат түрүндө жооп берди

АКШнын Россиядагы элчиси Жөн Салливан 26-январда Тышкы иштер министрлигине АКШнын Россиянын коопсуздук кепилдиги тууралуу талабына кат түрүндөгү жоопту алып келип берди. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлады.


Маалыматка ылайык, катта Россиянын Украина тууралуу коопсуздук кепилдиги тууралуу талабына жооп жазылган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катта жазылган нерселер ачыкталбай турганын билдирди. Бирок АКШ жана анын союздаштары Украина боюнча өзүнүн позициясын билдиргенин кошумчалады.


Ал эми НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россияга коопсуздук кепилдиги тууралуу талабына Брюсселдеги өкүлүнө кат иретинде жооп берилгенин кабарлады.

Ал дагы Блинкендин сөзүн кубаттап, Россияны Украинага, Грузия жана Молдовадагы аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн