Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

АКШ жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды

15.07.2022 13:54
1018
АКШ жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды


АКШнын Киевдеги элчилиги америкалык жарандарды коопсуздук үчүн Украинадан чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн расмий сайтында жарыяланды.


"АКШ элчилиги америкалык жарандарды Украинага барбоого, ал эми Украинадагыларды эгер коопсуз болсо, өлкөдөн дароо чыгып кетүүгө чакырат", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.


Ошондой эле америкалыктарды бул өлкөнүн аймагындагы массалык чогулуштардан жана иш-чараларга катышуудан этият болууга чакырды.


Дипломатиялык миссия бүткүл Украинадагы коопсуздук кырдаалын өтө туруксуз деп баалады жана дипломаттардын ишениминде, шарттар "катуу жана күтүлбөгөн жерден начарлап кетиши мүмкүн".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн