Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШ жумушсуздарга акча төлөөнү токтотот

16.06.2020 11:45
892
АКШ жумушсуздарга акча төлөөнү токтотот


Президент Дональд Трамптын чиновниктери коронавирус пандемиясынан улам экономиканын солгундашына байланыштуу жумушсуздарга төлөнүүчү жөлөкпулдарды токтотууга ниеттенүүдө. Бул туурасында Ак үйдүн экономикалык кеңешчиси Ларри Кадлоу айткандыгын Financial Times басылмасы маалымдады.


Айтымында, президенттин администациясы жөлөкпулдарды август айынан тарта токтотуу жөнүндө чечимге келди. Азыр өлкөдө экономика кайрадан жандана баштагандыктан, ал мезгилге чейин жумушчу орундар пайда болуп калышы мүмкүн деген ишенич бар.


АКШнын Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча учурда өлкөдө 21 миллион адам жумушсуз деп эсептелет. Май айында 2,5 миллион жумушчу орундар калыбына келип, жалпы жумушсуздук 13,3 пайызга азайды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн