Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

АКШда 25 миллион адамга вирус жуккан болушу мүмкүн

26.06.2020 10:56
1035
АКШда 25 миллион адамга вирус жуккан болушу мүмкүн


Америка Кошмо Штаттарда болжол менен 25 миллион адамга COVID-19 коронавирусу жуккан болушу мумкүн – бул расмий маалыматтардан 10 эсеге көп деп АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору Роберт Редфильд айткандыгын Интерфакс.ру маалымдады.


Редфильддин айтымында, АКШда кан тапшыруулар учурунда алынган тесттер өлкөдөгү 328 миллион калктын 5-8%ына коронавирус жуккандыгын көрсөткөн.


АКШ пандемиянын биринчи толкунунан толук өтө элек. Ага каршы туруунун бир гана жолу бар – ал социалдык окчундоо.


Кечээ америкалык CNBC телеканалы өлкөдө вирус жуккан рекорддук учур катталгандыгын – сутка ичинде 45,5 миң адамдан коронавирус аныкталгандыгын кабарлады. Worldometer статистикалык сайтынын маалыматы боюнча АКШда COVID-19 вирусу 2,4 миллиондон ашык адамдан аныкталды, алардын 124 миңден ашыгы каза тапты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн