Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:44
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

АКШда 3 адамдын өлүмүнө шектелген адам кошунасынын жүрөгүн бышырып жеген

25.02.2021 12:56
1097
АКШда 3 адамдын өлүмүнө шектелген адам кошунасынын жүрөгүн бышырып жеген

АКШда 3 адамдан өлүмүнө шектелген Оклахома штатынын тургуну Лоуренс Пол Андерсон тамак жасаш үчүн кошунасын өлтүрүп, жүрөгүн кесип алгандыгын мойнуна алган. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме кылып "Кабар" агенттиги  билдирди.


Билдирүүгө ылайык, Андерсон кошунасын, тайкесин жана 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелүүдө. Ошондой эле шектүү өзүнүн тайжеңесин бычак менен сайган, бирок ал тирүү калган.


"Андерсон шайтанды чыгаруу үчүн үй-бүлөсүнө жүрөк менен картошка кошулган тамак жасап берген", - деп иликтөө бюросунун агенти билдиргенин oklahoman гезити жазат.


Шарттуу түрдө соттолгон Лоуренс Пол Андерсон 2017-жылы баңгизатты колдонгондугу жана куралга ээлик кылгандыгы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал убакта жаза мөөнөтү 9 жылга кыскарган, бирок Лоуренс 3 жылдан кийин бошотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн