Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

АКШда 68 жылдан бери алгачкы жолу аял киши өлүм жазасына тартылды

13.01.2021 16:44
575
АКШда 68 жылдан бери алгачкы жолу аял киши өлүм жазасына тартылды


АКШда 68 жылдан бери биринчи жолу федералдык бийликтин чечими менен  аял киши өлүм жазасына тартылды.  52 жаштагы Лиза Монгомери 2007-жылы ал мыкаачылык менен өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган.


2004-жылы Монтгомери сегиз айлык кош бойлуу 23 жаштагы Мэри Джо Стиннетти өлтүргөн. Алар күчүктөрдүн көргөзмө фестивалында таанышкан.


Трамптын администрациясы 17 жылдык тыныгуудан кийин АКШдагы федералдык өлүм жазасы кайрадан баштады. Өткөн жайдан бери он адам өлүм жазасына тартылып, Монтгомери он биринчи киши болуп калды. Андан тышкары, ушул жумада дагы эки кылмышкерди өлүм жазасына тартуу пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн